Menu
Эл-Сөздүк

прокурор

м.
прокурор.

Прокурор

ПРОКУРОР – КР мыйзамдары боюнча, юридикалык жогорку билими бар, прокуратура органдарында иштөөдө зарыл болуучу кесиптик жана адеп-актык сапаттарга ээ, денсоолугунун абалы боюнча жарактуу адам. КР Башкы П., обулустун, шаардын, райондун П., аскер П., транспорт П. айырмаланышат. Башкы П. кызматына 40тан жаш эмес, 65 жаштан улуу эмес, 15 жылдык иш тажырыйбасы бар адам дайындалат. Башкы П-дун орун басарларынын, облусттардын П-лорунун, Бишкек шаарынын П-унун, ошондой эле аскер П-унун кызматына 35 жаштан жаш эмес, 60 жаштан улуу эмес, 10 жылдан кем эмес иш тажырыйбасы бар, ал эми шаарлардын, райондордун жана аларга теңештирилген П-лордун кызматына 30 жаштан жаш эмес, 5 жылдан кем эмес иш тажырыйбасы бар адамдар дайындалат. П-дун ыйгарым укуктары жазык-процесстик, жарандык-процесстик жана башка мыйзамдарда белгиленген.
Перевести через онлайн Переводчик

So following similar words is found:
strtoupper(RU)


Found words in another language:

KG


Found similar words in another language:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: