|
Паевой инвеститционный фонд
|
|
ҮЛҮШТҮК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОНД – инвестициялык үлүштөрдү ачык сатуу жолу менен башкаруучу компания ишенимдүү башкарууга алган инвесторлордун мүлкүнөн, ошондой эле башкаруучу компания ишенимдүү башкаруу процессинде алган мүлктөн турган, юридикалык жакты түзбөгөн өзгөчө мүлктөрдүн тобу. Ү. и. ф. төмөнкүлөргө бөлүнөт: үлүштөрдүн ээлеринин талабы боюнча өзү эмиссиялаган инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга милдеттүү инвестициялык фонддор; интервалдык инвестициялык фонддор, алардын инвестициялык үлүштөрү аларды ээлерине мурдатан макулдашылган мөөнөттө, бирок жылына 1 жолудан кем эмес алардын наркын төлөп берүүнү башкаруучу компаниядан талап кылуу укугун берет.
|