Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: видно арсылдоо
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - Международный договор кр
 

Международный договор кр

 
Кр эларалык келишимдери

Международный договор кр

 
КР ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ – эларалык мамилелер жаатында укуктарга жана милдеттерге карата КРдин бир же бир нече мамлекет, эларалык уюм же эларалык укуктун башка субъекттери менен тең укукта жана ыктыярдуу макулдашуусу. КР Э. к. келишим, макулдашуу, конвенция, протокол, меморандум, кат жана нота алмашуу түрүндө аталышы жана түзүлүшү, ошондой эле башка аталышка ээ болушу мүмкүн. Аларга катышуучу субъекттердин саны боюнча КР Э. к. эки тараптуу жана көп тараптуу болуп; ошондой эле мазмуну боюнча бөлүнөт. Э. к. экономикалык, саясий, каржылык, укуктук болушу, ошондой эле башка маселелер боюнча түзүлүшү да мүмкүн. Мөөнөттөрү боюнча келишимдер мөөнөттүү жана мөөнөтсүз болуп бөлүнөт. Э. к. башка түрдө да түзүлүшү мүмкүн. Э. к. чет мамлекеттер, ошондой эле эларалык уюмдар менен төмөнкүлөрдүн атынан түзүлөт: КРдин (мамлекеттер аралык келишимдер); КР Өкмөтүнүн (өкмөттөр аралык келишимдер); КР ЖКнын (парламенттик келишимдер); КР министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун (ведомстволор аралык келишимдер). Э. к-нин тили кыргыз тили, айрым учурларда орус тили жана башка келишим түзүүчү тараптардын (тараптын) тили болуп эсептелет. Э. к-нин тексти түзүлгөн тил ошол келишимдин текстинде көрсөтүлөт, мында анын бирдейлиги жана ырасмийлиги аныкталат. Э. к. жазуу жүзүндө түзүлөт.
Перевести через онлайн Переводчик

Найти все переводы слова "Международный договор кр" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Международный договор кр"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru