ЖҮК – жүк ташуу тартиби боюнча ташып берүүчү тарабынан кабыл алынып, КР мыйзамдарында каралгандай өз маалында, чыпчыргасын коротпостон жеткирүү милдетин ташып берүүчү тарап алган жүк ташуу объектиси (буюмдар, баалуу заттар, кенбайлыктар, товарлар ж. б.).