|
Гражданин
|
|
ЖАРАН – укуктук негизде белгилүү бир мамлекетке таандык адам. Ж. кеңири укуктар менен эркиндиктерге жана белгилүү милдеттерге да эгедер. Айкын мамлекеттин Ж-ы өзүнүн укуктук абалы боюнча чет элдик Ж. жана ал мамлекеттин аймагында жарандыгы жок адамдардан айырмалуу. Алып айтсак, саясий укук жана эркиндиктерге Ж. гана ээ боло алат. КР жарандык мыйзамдарында «Ж.» аталгысы менен, эгер мыйзамда башкача аныкталбаса, баардык жеке адамдар (КР жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар) түшүнүлөт.
|