|
Өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймагы
|
|
ӨЗГӨЧӨ КАЙТАРУУГА АЛЫНГАН ЖАРАТЫЛЫШ АЙМАГЫ – өзгөчө кайтаруу жана пайдалануу тартиби орнотулуп, өзүнө жаратылыш комплекси менен өзүнчө жаратылыш объектилерин камтып турган жер участкалары, суу чөйрөсү. Өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймактарына экологиялык, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, саламаттык сактоо жактан өзгөчө мааниге ээ болгон табигый же атайын жасалган жаратылыш комплекстери менен жаратылыш объектилери кириши мүмкүн.
|