Menu
Эл-Сөздүк

сүрөөн

1. клич (гл. обр. во время конских скачек); громкий крик с призывом на помощь;
сүрөөн сал- кликнуть клич; громко кричать, призывая на помощь;
куу сүрөөн истошный крик;
кыйкырык-сүрөөн шум-гвалт, крики-выкрики;
2. то же, что сүрөө 3;
чапкын-сүрөөн см. чапкын.

сүрөөн

сүрөөн (сүрөн эмес), сүрөөнгө

сүрөөн

зат. 1. Ат чабышта ж. б. учурларда коштоп сүрөгөн, дем берген кыйкырык-чуу. Бүркүт менен ителги кыйкырык-сүрөөндө жаалына келет (Каимов). Ат чабышта сүрөөн салуу.
2. Душманын сездендирүү, үрөйүн учуруу максатында чабышка, урушка киргендеги кыйкырык-чуу, айбат. Баатыр Сыргак, эр Алмаң, Бакырып салып чоң сүрөөн («Манас»).
3. өт. Чакырык, алга чакырган ураан; алга тарткан, дем берген жардам. Батырактар түшүндү Партиянын сүрөөнүн (Калык). Туугандар,деди Жапар күлүп,сиздер эки жылдан бери «Өрнөк» колхозун сүрөөнгө алып, чоң жардам бердиңиздер (Баялинов).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: