|
Плагиат
|
|
ПЛАГИАТ (лат. plagiatus – уурдалган) – башка бирөөнүн илимий, адабий жана көркөм өнөр чыгармаларына карата авторлукту атайылап уурдап алуу, автордук укукту бузуу көрнүштөрүнүн (автордук укук объекттерин мыйзамсыз пайдалануу менен бир катардагы) бири. КР мыйзамдары боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Авторлош болууга мажбурлоо да П. катары каралат.
|