ЛОТЕРЕЯ (УТКУОЮН) (фр. lotene ) – Л-ны уюштуруучулар анын катышуучуларынын – лотерея билет ээлеринин ортосунда Л. сыйлык корун ойното турган жалпы оюн; ошону менен бирге, утуш анын катышуучуларынын эрки менен аракетине көзкаранды болбостон, кокустукка гана байланыштуу болот. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, Л. оюну анын уюштуруучулары менен катышуучуларынын ортосундагы келишимге негизделет. Мындай келишим билет, дүмүрчөк же дагы башка документтерди берүү аркылуу жол-жоболоштурулуп, оюн катышуучусу билет баасын же дагы башка төлөмдөрдү жүргүзгөндөн кийин түзүлдү деп эсептелет. Келишим оюндун өтүү мөөнөтүн, утуш тартибин, анын өлчөмүн камтууга тийиш. Утуштар оюн шартында каралган мөөнөттө, өлчөмдө жана таризде (акчалай же накталай), эгер анын шартында мөөнөтү көрсөтүлбөгөн болсо, оюн жыйынтыгы чыккандан тартып 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө оюн уюштуруучулары тарабынан төлөнүп берилүүгө тийиш.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Лотерея
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
56Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 8 х 7? Ответ:
Отправить