Menu
Эл-Сөздүк

күп

күп I
1. (или ак күп) первый пушок на теле птенца;
2. птенец в тот период, когда тело его покрыто только пухом;
3.: ак күп шутл. служащая киргизская молодёжь, активисты из молодёжи;
ак күп болуп шишип калыптыр он стал пухленьким (пополнел).
күп II
1. южн. ручная деревянная маслобойка цилиндрической формы;
2. большой кожаный бурдюк для кумыса;
кымыз куйган күп бурдюк с кумысом;
уу төгүптур күбүңө, ушу турган Канчоро, балам, жеткен экен түбүңө фольк. в твой бурдюк он подсыпал яду, вот этот вот Канчоро, дитя моё, доконал тебя;
3. южн. подойник.
күп III
сокровенная тайна.
күп IV
подражание глухому отрывистому звуку;
күп этип керебетиңден да кулап түштүң ты и с кровати-то своей грохнулся;
жонуна көк союл күп дей түшкөн дубинка бахнула его по спине;
күп эттирип мылтыктын түбү менен коюп двинув его прикладом ружья так, что ухнуло;
"күр" дегизе бир ууртап, "күп" дегизе бир бүркүп фольк. с фырканьем втянув (воду) в рот, с шумом прыснул;
күп-күп сүйлөдү он говорил отрывисто и властно.

күп

күп (аспап), күүбү, күппү

күп

күп (идиш), күбү, күппү

күп

күп: ак күп

күп

күп: күп-күп, күп этүү

күп

I зат. Май бышып чыгаруучу аспап.
КҮП II зат. Ичимдикти ж. б. ачытууга арналган идиш. Дагы да Тасма менен Түбүн айтар, Ачыткан кымыз, бозо күбүн айтар («Жазгыч акындар»). Мен уу ачытам күбүңө, Ушинтип жетем түбүңө («Сейтек»).
КҮП III: ак күп — балапандардын денесине биринчи чыккан түк жана балапандын ошол мезгилдеги кези.
КҮП IV туур. Жумшагыраак нерсени урганда, же ага урунганда чыгуучу күңүрт дабыш, дүңк эткен дабыш. Кимдидир күп-күп сабады камчы, Куюлду белем кандары тамчы (Абдыраманов). Надя шолоктоп ыйлап койкасына күп жыгылды (Бейшеналиев). Машаа кошкон көп мылтык, От койгондо күп этти («Семетей»).
¨ Күп-күп этүү — катуу-катуу үн чыгаруу, күрсүлдөө, күлүлдөп сүйлөө. Күпкүп этип күүлөнүп, Күрсүлдөдү Көкөтөй («Эр Төштүк»). Чоң койчу даражалуу кишилерче күп-күп эте сүйлөдү (Жантөшев).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: