-
КОРБАШЫ
-
КОРБАШЫ — бир топтун жетекчиси, башчысы; Букара кандыгынын учурунда курал-жабдык турган үйдү башкарган адам. Эпосто экинчи маанисинде жолугат. Мисалы, Жакып Манаска аял алып бергени кыз издеп Букарга келгенде: «Жакшы кыз көрсөтөбүз деп Ак таяк менен корбашы Жуда келип калганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 352),— деп сүрөттөлөт. Алар Жакыптан эки жамбы алгандан кийин бакчада жүргөн Санирабиганы (Каныкейди) шыкаалап көрсөтөт.
-
корбашы
-
зат. 1. тар. Кокон хандыгындагы жергиликтүү полициянын башчысы. Элүү башы, он башы, Эл бийлеген корбашы (Токтогул).
2. Басмачылар шайкасынын жетекчиси, уюштуруучусу. Иштин түбү Мамат корбашыдан, — деп энем дагы ыйлады (Жантөшев). Өзүңүз билесиз, ал азыр басмачылардын корбашысы. Анын үстүнө атамды да ала кетти («Ала-Тоо»).
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
корбашы