Найдены по другим направлениям
-
Депозитарий
-
ДЕПОЗИТАРИЙ (фр. depositaire ) – 1) депозиттер ишенилген жак; 2) депозитардык ишкердүүлүктү жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу. КРде юридикалык жак гана Д. боло алат. Д. депоненттин атынан депозитардык келишимде каралган депоненттин тапшыруусунан башка иштерди жасоого, депоненттин баалуу кагаздарын каалагандай жумшоого, анын атынан баалуу кагаздар менен иш-аракеттерди жүргүзүүгө жана башкарууга акысы жок. Д. анда депонирленген баалуу кагаздардын тастыктоолору үчүн жарандык укуктук жоопкерчилик тартат; 3) эларалык келишимде көп тараптуу келишимдин чыныгы текстин жана ага байланыштуу документтерин (билдирүүлөр, эскертмелер, денонсациялар ж. б. ) сактоочу. Д. бир же бирнече өлкө, эларалык уюм же ошондой уюмдун башкы кызмат аткаруучу адамы болуусу мүмкүн. Алып айтсак, БУУнун Башкы Катчысы БУУнун алкагында түзүлгөн биркатар көп тараптуу келишимдердин Д-инин милдетин жүзөгө ашырат.
Examples of translations: депозитарий
Kyrghyz
Russian
Эсепке алуу жана сактоо максатында депозитарий регистринде ар бир баалуу кагаз боюнча чагылдырылган жазуу жана жазуулардын жыйындысы.
Запись или совокупность записей в регистрах депозитария, создаваемая для каждой ценной бумаги в целях учета и хранения.
Examples of translations: депозитарий
Kyrghyz
English
Эсепке алуу жана сактоо максатында депозитарий регистринде ар бир баалуу кагаз боюнча чагылдырылган жазуу жана жазуулардын жыйындысы.
Found words in another language:
Found similar words in another language:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
депозитарий