-
сайра
-
этиш. 1. Кубулжуган үн салуу, кубулжутуп таңшуу (сайроочу куштар жөнүндө). «Баг-баг, баг-баг, бытпылдык, бытпылдык деп сайраган бөдөнөлөрдүн ченеми жок (Жантөшев). Жашара бер, Фрунзем, гүл оронуп, Сайрай берсин багыңа булбул конуп (Үмөталиев). Токоюнда булбулу Токтоосу жок сайраган (Тоголок Молдо).
2. Уккулуктуу, жагымдуу кылып ырдоо, үнүн безеп таңшуу. Топ жыйынды көргөндө Токтоосу жок сайраган (Тоголок Молдо).
3. Уккулуктуу, таңшыган күү чыгаруу (комуз жана кээ бир музыкалык аспаптарга карата). Көчөдө бопбоз чаң бурап, Күү чыгат сайрап шаңгырап (Бөкөнбаев).
4. Көп сүйлөө, безеленүү. Кара тилин кайраган, Хан алдында сайраган («Манас»).
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Found words in another language:
Found similar words in another language:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Сайра