Examples of translations:(beta) Классификациялануучу кредиттер
Kyrghyz
English
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарына ылайык, классификациялануучу кредиттерге төмөнкүлөр кирет: 1) Субстандарттык кредиттер – бул: - төлөө мөөнөттөрү узартылган (30 күнгө чейин) кредиттер, - кредиттик келишимге ылайык, пландык төлөмдөрү кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин (60 күнгө жана андан ары) узартылган кредиттер, - кредиттин мөөнөтү бүткөндөн кийин анын пайыздары жана негизги суммасы боюнча төлөм мөөнөттөрүн узартуу менен (30 күнгө чейин); 2) Шектүү кредиттер – бул: - карыз алуучу финансылык абалынын начарлоосунун кесепетинен кредит боюнча пайыздарды гана эмес, анын негизги суммасы боюнча да пландык төлөмдөрдү төлөй албай калган кредит, - мөөнөтү бүткөндөн кийин да 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй калган кредит, - пролонгациялоону кошо алганда, бир нече жолу реструктуризацияланган кредит, - кардардын жоготууларын жана чыгымдарын улам көбөйткөн кредит, - күрөөнүн рыноктук наркы төмөндөп, сапаты начарлап, анын ликвиддүүлүгү шектенүүнү жараткан кредит, ал эми күрөөнү баштапкы баада сатуу кыйынга турган кредит; 3) Жоготуу катары классификацияланган кредиттер – бул, төмөнкү бир же бир нече мүнөздөмөлөргө ээ болгон кредиттер: карыздын 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй узарып кетиши; 3 жолудан көбүрөөк пролонгацияланышы (узартылышы); күрөөнүн жоктугу же рыноктук жагдайлардан улам аны сатуу мүмкүн эмес болсо; кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы, же болбосо айкын ордун жабуусуз эле төлөп берүү ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи каражат алуу булагынын жоктугу; кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо; кардардын бизнесинин токтотулушу же анын банкрот абалда калышы. Мында, жоготуу катары классификацияланган активдердин наркы өтө төмөн болгондугунан улам, алар банктын балансында нөлдүк наркта чагылдырылат.