Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: ыпыра-
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - КАН ТАРТУУ
 

КАН ТАРТУУ

 
КАН ТАРТУУ — достошом деп келгенге ызат көрсөтүү менен алдына ашкан күлүк ат, кымкап тон, мыкты жоо-жарак тартуулоо салты. К. т. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири сүрөттөлүп, Алмамбет Манаска келгенде Аккула баш болгон тогуз күлүк, Аккүбө тон, Аккелте мылтык, Сырнайза, Ачалбарс кылыч тартуу кылып тосуп алышат. Ошондо акылга дыйкан Алмамбет айкөл адамга кез келгенине ыраазы болуп:
Аккула Манас аты экен,
Кара жанын өлчөгөн,
Кас тулпарын мингизген,
Ашкере чыккан март экен
Аккүбө Манас тону экен.
Азыркысын сүйүнүп,
Мага кылган жолу экен.
Аккелте Манас мүлкү экен,
Байкаап турсам, Сарала ат
Мага ылайык жылкы экен (Сагымбай Орозбаков, 2. 321),

— деп Манас баатырдын буюмдарын кайрып берип, өзүнө ылайыктууларын гана алат.



Хотите добавить свой перевод для слово: "КАН ТАРТУУ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru