-
КАЙЫҢДЫ
-
КАЙЫҢДЫ — топоним. Алтайда Жакыптын малы жайлаган өзөн. Манасты байлап кетмек болуп келип ажал тапкан адамдардын өчүн алуу үчүн Жакыптын жылкысын тийген калмактардын жети жүздөй колун кыргыздар мына ушул К-нун боюнда талкалайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 137).
-
КАЙЫҢДЫ
-
КАЙЫҢДЫ — топоним. Алтайдан көчүп келе жаткан кыргыздар калмак кандыктарынан бошоткон Ала-Тоодогу жерлердин бири. «Кайыңды сууну басыптыр, Кара-Кырды ашыптыр» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 715-б.) делип калмактын Дөдөмөл жайсаңы бу жерден келип кыргыз колунан жеңилет.
So following similar words is found: