Menu
Эл-Сөздүк

дубана

beggar [‘бэгэ];
hermit [‘хөөмит]

Дубана

Дубана – динге үгүттөө максатында диндик ырларды айтып, кайыр сураган адам, диний фанатик тилемчи (Кыргыз тил. түшүнд. сөздүгү. 1-том. 261-б.). Дубана – кыргыздардагы сопулуктун (суфизмдин) бир көрүнүшү. Аны колдогондор ислам дининин кечилдик багытын тутуп, өз алдынча же топ болуп айылдан айылга, элден элге көчүп-конуп жүрүшкөн. Кийиминде кечилдиктин белгиси катары өзгөчө элементтер (терисинин жүндөрү сыртына карата тигилген шоңшогой топу, үстүндө жүндөн жасалган чапан) болгон. Жандарына үн чыгаруучу түрдүү аспаптарды, шалдыркандуу аса таякты алып жүрүшкөн. Өзгөчө кыймыл-аракеттердин натыйжасында кудай менен түздөн-түз байланыш түзүү кудуретине жетүү Д-чылыктын негизги максаты болгон. Ага жетиш үчүн бул агымды колдогон ар бир адам шариатты, тарикатты (чындык жолу), марафатты (зикир аркылуу мааниге сүңгүп таануу) иш жүзүнө толугу менен аткарышы зарыл болгон. Д-лар эмчилдик касиетке ээ адамдар катары оорулуу адамдарга дем салышкан (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 166-б.).

дубана

зат.Эл кыдырып диндик үгүт таратуучу тилемчи, кайыр сураган адам, диний фанатик.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: