|
БЕКЕБАЙ
|
|
БЕКЕБАЙ — эпизоддук кейипкер, Үсөндүн — Көзкамандын баласы. Манас атасы Жакыптан тегин сураганда туш-тушка тентип кеткен туугандарынын жайын айтып, Жакып Б. бир тууганы Үсөндүн баласы экендигин Манаска билдирет (Сагымбай Орозбаков, 1. 137). Көзкамандардын окуясында да айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты нда жок.
|