БАЛКЫБЕК БАЛКЫБЕК — эпизоддук кейипкер. Алтайдан кыргыздар менен кошо келген манжуриялык калмак. Маргалаңга мал сатып барып, Алоокенин кыргыздарды чапканы кол курап жатканын Жакыпка айтып келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 172—174).