-
АРА-КӨЛ
-
АРА-КӨЛ — топоним. Манас баштагы ата-журту — Ала-Тоону калмак-кытайлардан бошоткондо, анын Үрбү, Мунаркан баштаган колу А.-К-дөгү душманды да багындырат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 537-б.). Географиялык реалияда азыркы Кочкор районунундагы «Чолпон» с-зуна караштуу аймак.