|
АБДЫРАМАН
|
|
АБДЫРАМАН — эпизоддук кейипкер, Саяттын уулу. Кабарыш элинин баатыры. Көкөтөйдүн ашында Жолой менен балбан күрөшкө чыгууга белгилүү балбан, баатыр катары Кошой Чегиштен кийин А-га кайрылат. А. «Жолобоймун Жолойго, Жолуга албайм андайга» (Сагымбай Орозбаков, 3. 187),— деп күрөшкө чыкпай коёт.
|