ыңгайсыз сын. Ылайыгы жок, ыңгайлашпаган. ыксыз, туура келбеген. Кызылча ыңгайсыз жерге эгилсе, багуу өтө начар болот («Советтик Кыргызстан»). Гүлайым.. өтө ыңгайсыз абалга капталды (Бейшеналиев). Отурган жерим ыңгайсыз болуп жатат (Жантөшев).