чыты : кабак чытуу — кабагын бүркөө, капаланган кебетесин билдирип кабагын тырыштыруу. [Кемпир] кабагын чытып, баласына карады (Байтемиров). Каныбек кабагын чытып, жаралуу санын эки колу менен мыкчый кармап отурган эле (Жантөшев).