өлчөм зат. Бир нерсенин белгилүү бир чеги, чени, салмагы, ченеми, көлөмү. Белгилүү өлчөмдө акча төлөп, бошонуп кетүүгө да акылуу (Абдукаримов). Анда биздин ишибиздин өлчөмү да ченемдүү эле (Шимеев).