-
өйдө
-
такт. 1. Жогору, жогору жак, ылдыйдын карама-каршысы. Акман кетменин мындай коюп өйдө болду (Сыдыкбеков). Чолпонбай кемер жараңка менен тике өйдө чуркап жөнөдү (Жантөшев).
2. Чыгыш жөндөмөдөгү сөздөрдөн кийин келип, ошонун, ошол нерсенин өзү кошулуп эсептеле тургандыгын көрсөтүү үчүн колдонулат. Малчылардын кийимдеринен өйдө шайма-шайланган (Байтемиров). Кулагынан өйдө кызара түштү да, мурдун шуу тартып алды (Сыдыкбеков).
3. өт. Айырмасы, сапаты ж.б. жогору. Гүлнардан бычак сырты өйдө тургандай болот (Сыдыкбеков). Мылтыгым ок келтеден миң эсе өйдө (Үмөталиев).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
өйдө