мод. Мүмкүн экендикти же арсарлыкты билгизүү, болжолдоо, болжоп көрсөтүү үчүн колдонулат. Сиз барыңыз, башкабыз барсак, осол кылып коюшу ыктымал (Жантөшев). Эр жүрүшкө барбай калса, кур чабуулга калп айткан турбайбы деп, сөз болушу ыктымал. Абаз ушул жагын ойлоп намыстанды (Таштемиров).