Menu
Эл-Сөздүк

чыңа

этиш. 1. Чың кылуу, бекем кылуу; күчөтүү, өнүктүрүү. [Ленин] эмгекчини баш көтөрүп курадың, Эл достугун бекем кылып чыцадың (Осмонкул). Жаңы уюшулган.. колхоз чарбасын [жаштар] чыңай баштады (Сыдыкбеков).
2. Чалгынын, кетмендин ж. б. мизин чыгара, мизин жукарта чапкылоо, чапкылап чыңдоо. Чалгы чыңады. Кетмен чыңады.
3. Керүү, кере тартуу, чыйралтуу, чоюу. Асан карыя, комузунун.. кылын саал чыңап тээгин.. жогору жылдырып койду (Аалы).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: