-
чырт
-
туур. Чытырап жарылгандай же чыйт эткендей кыска кескин, дабышты билдирүү үчүн колдонулат. Муз жарылып чырт этти. Данияр жай гана чырт түкүрүп коюп, арабасын көздөй басып кетти (Айтматов).
♦ Чырт кесүү — шарт кесип алуу, ылдам, чарт кесүү. Мектептин аймагында жок чөп кездешип калдыбы, [Мукай] аны сабагынан чырт кесип алат же түбүн чукуп кирет (Таштемиров). Чырт дей түшүү — жактырбаган мүнөздө кыялын тез өзгөртүү, таарына түшүү. Гүлнарэнесинин бул кебин жактырбай чырт дей түштү (Сыдыкбеков).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
чырт