Найдены по другим направлениям
-
чарчы
-
зат. Квадрат; төрт тарабы бирдей. Ушу бир чарчы бөздү алып калганымда байып кетет белем (Сыдыкбеков). [Зарыл] төрт чарчы актын четин, кызыл жип учуктаган ийнеси менен [бекитип отурат] (Сыдыкбеков).
♦Чарчы бойлуу — бою анчалык бийик эмес, бирок өтө жапыз да эмес. [Айдарбек] чарчы бойлуу,.. кара тору киши (Жантөшев). Чарчы бойлуу жаш келин, Чырактай көзү жайнаган (Маликов). Чарчы метр — квадраттык метр, төрт тарабы тең бир метрден келген чен өлчөмү. Жаны төрт чарчы болуу — кандайдыр бир нерсеге алынын келишинче, күчүнүн бардыгынча катуу аракеттенүү, түйшүктөнүү, убара болуу, кам көрүү.
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
чарчы