төркүлө этиш. Кыз күйөөгө чыккандан кийин, өз ата-энесинин үйүнө мейман катарында келип, каалаган малын же буюмун алып кетүү. Сааракан атасыныкына төркүлөп келгенде Ажар аны көргөн (Баялинов). Келин төркүнүнө төркүлөп барды («Жомоктор»).