тепкич зат. 1. Тээп чыгуу, өйдө көтөрүлүү же ылдый түшүү үчүн жасалган баскычтуу шаты. 2. Үйдүн жогорку кабатына чыгууга же түшүүгө ылайыкталып жасалган катар-катар баскычтар. Студенттер тепкич менен жогору карай көтөрүлүп жатышты (Бейшеналиев).