-
сүрө
-
этиш. 1. Коштоо, ат жарышта атты коштоого алуу же дем берип, кыйкырык-чуу салуу, сүрөөнгө алуу. Күчүң кетип баратса, Күрөңүңдү сүрөйүн («Курманбек»). - 2. Кубаттоо, кубаттап коштоп кетүү, кайрат берүү, сүрөөн салуу. Куру бекер балдарды сүрөбөй , өз колуңа кетмен ал (Сыдыкбеков). — Черте түш, аке! — дешип комузчуну сүрөп коюшат (Сыдыкбеков).
- 3. Алга чыгаруу, алга үндөө, дем берүү, илгерилетүү. Балбылдаган совет туусу жеңиштерге сүрөдү (Аалы). Айланайын калың журт, Алдыңа салып сүрөгүн (Токтогул).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сүрө