Menu
Эл-Сөздүк

сапыр

этиш. 1. Суюк нерсени суутуу же аралаштыруу үчүн сузуп алып кайра чубуртуп куюп туруу. Кымызды сапыр. Сорпону сапыр.
  1. 2.                  Желге салып данды топон-чардан тазалоо. Айдат, айдат, айдат шамал сок ылдам, Айдат шамал, кызыл буудай сапырам (Осмонов). Асманга шилтеп кызылын Абамдар кырман сапырды (Мидин).
  2. 3.                  Чачуу, тозоңдотуу, чаңдатуу. Үй ичин уч сапырып чатакты. баштады го (Сыдыкбеков). Чаңды көккө сапырып, Ат коюп кирди жапырып (Үмөталиев). Ызылдаган шамал жүрүп, Калың карды сапырат (Осмонкул).
  3. 4.                  өт. Ысырап кылып жоготуу, коротуу, курутуу. Атадан калган бар малын Сапырып чачып жоготкон (Тоголок Молдо).

Күлүн көккө сапыруу к. көк I.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: