Санжыра (ар. «шажарай-и, шажарат» – бутак, тарам; дарактын бутак, тамыры). Кыргыз санжырасы – уруктун, уруунун, элдин чыгыш теги жана жаралышы, таралышы жөнүндөгү оозеки түрдө айтылган тарыхый маалыматтардын жыйындысы. Санжыра – оозеки түрдө айтылган элдин генеологиялык тарыхы. Санжыра атадан балага, муундан муунга айтылып келген узак убакытты камтыгандыктан, андан айрым апыртууларды, хронологиялык жактан алганда так эместиктерди көрүүгө болот. Айрым учурларда санжыралык айрым персонаждар мифологиялык каармандарга окшоп кетет. Санжыра түз тарыхый булак боло албайт. Бирок санжыралык айрым маалыматтар белгилүү бир тарыхый окуяларды, инсандар жөнүндө баалуу маалыматтарды берери бышык. Кыргыздар санжыра аркылуу кимдин кайсыл урууга таандык экендигин, теги кимдигин жети атага чейин сөзсүз билүү зарылдыгын билишкен. Мисалы, туугандар же урукташтар ортосунда жети ата өткөнгө чейин кыз алышып, кыз беришкен эмес. Анын медициналык жактан зарылдыгын аңдап түшүнүшүп, бул көрүнүшкө байыртадан табу салып келишкен (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 403-404-бб.).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Санжыра
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
5Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 - 4? Ответ:
Отправить