Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

мүрөк

мүрөк (миф.)
мүрөк дарак
мүрөк дарактар (биол.)
мүрөктүн суусу

мүрөк

зат. миф. Тирилтип жандандыруучу, жашартып күч-кубат берүүчү, ичкен киши өлбөй узак жашоочу суу чыккан булак жана ошондой булактан чыккан суу. Жаралганда суусун ичкен мүрөктүн, Арча жашыл, касиеттүү бир жыгач (Акаев). Ишенем, ишенгеним күндөй жарык, Жашоого мен ичкемин сенден мүрөк (Шимеев). Картайганда мен Бакай, Өңгөчө дууга түштүмбү, Же мүрөктүн суусун ичтимби («Сейтек»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: