-
Мүлк
-
МҮЛК – 1) баарыдан мурда жактын (жеке адамдын жана юридикалык жактын), мамлекеттин же муниципиалдык түзүлүштүн менчигинде турган, же уюмдун чарба жүгүртүүсүнө же ыкчам башкаруусуна таандык буюмдардын жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы. М. курамына ошондой эле акча жана баалуу кагаздар да кирет; 2) башка жактардан буюм (актив ) же мүлктүк канагаттануу алууга буюм жана мүлктүк укуктарынын жыйындысы; 3) алардын алып жүрүүчүсүнүн мүлктүк абалын (актив жана пассив) мүнөздөөчү буюмдардын, мүлктүк укук жана милдеттердин жыйындысы.
-
мүлк
-
зат. 1. Дүнүйө, асыл, кымбат баалуу буюмдар. Сан кара боз жылкың бар, Сандыгың толгон мүлкүң бар («Эр Табылды»). - 2. Байлык, кенч. Манас [эпосу] баарыбызга орток.. элдин мүлкү (Бейшеналиев). Токтогул аркасына маданияттын баа жеткис мүлкүн таштады (Бөкөнбаев).
- 3. Тапкан оокат, үй оокатка керектүү буюмдар, мал. Жоомарт бекен элге мүлкүн үрөгөн? Дыйкан бекен бермет данын күрөгөн? (Аалы). Күтүнгөн анын үй мүлкүн Далай адам көрүшкөн (Үсөнбаев).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | мүлк |
Множ. число | мүлктөр |
Склонение по падежам - "мүлк"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | мүлк |
Родительный Чей? | мүлктүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | мүлккө |
Винительный Кого?, Что? | мүлктү |
Местный Где?, У кого? | мүлктө |
Исходный Где?, У кого? | мүлктөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | мүлктөр |
Родительный Чьи? | мүлктөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | мүлктөргө |
Винительный Кого?, Что? | мүлктөрдү |
Местный Где?, У кого? | мүлктөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | мүлктөрдөн |
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
мүлк