-
мата
-
I зат. Пахтадан кустардык жол менен өрмөктө согулган кездеменин бир түрү. Матаны киет түрлөнтүп, Бачайы көйнөк кийгендей (Тоголок Молдо).
[Чалдын] үстүнө кийгени.. мата көйнөк (Жантөшев).
МАТА II этиш. 1. Матоо менен ийүү, ныгыра басып ийүү, кыйшайта катуу кере тартуу, керектүү формага келтирип ийүү. Уукту матады. Керегени матады.- 2. Жылбас кылып байлоо, кере-кере тартып кыймылдагыс кылып байлоо, кабыра байлоо. [Асантайлар] Асекти жигиттери менен матап алышат (Сыдыкбеков).
- 3. Башка жакка өтүп кеткис кылып туюкка тосуу, туюкка такап камалган абалда кармоо. Он алты айры куу бугу отуздай маралды матап турган экен (Жантөшев).
- 4. Кекетүү, жекирүү, кекээр сөз айтуу. Эмитен сезин алып коёюн дедиби, Көкө түсүн үйрүп, кыр көрсөтө минтип матады (Касымбеков).
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Found words in another language:
RU
Found similar words in another language:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
мата