-
кына
-
I зат. Тырмакты боёо үчүн колдонула турган өсүмдүк. [Идаяткан] бетине упа, колуна кына суртуп, кашына осмо коюп жүрө турган адаты бар (Жантөшев).
КЫНА II этиш. Эп келиштирип кыйыштыруу, чеберчилик менен эбине келтирүү, жанаша эптештирүү, жик чыгарбай, көлкөйтпөй эби менен бириктирүү, улоо. Кундакка мылтык кынаткан, Тоо теке атып сулаткан (Тоголок Молдо). Ташты чегип кынаган, Бир-бирине улаган (Үмөталиев). Көрпөдөн ичик кынайын, Көбөөсүн макмал кылайын (Токтогул). Кызыл, жашыл шаңданып, Кынап тигип кыз кийсе, Жайдын көркү турбайбы (Осмонкул).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кына