Найдены по другим направлениям
-
куйрук
-
зат. 1. Куймулчак сөөгүнө туташкан дене бөлүгү, кээ бир жан-жаныбарлардын арка омурткалары менен туташ чубалжып кеткен бөлүгүнүн жалпы аты, шыйпаңы менен кошо алынгандагы бөлүгү. Койдун куйругу. Жылкынын куйругу. Уйдун куйругу. Мышыктын куйругу. - 2. Канаттуулардын арт жагындагы көбүнчө бөлүнүп турган узун канат жүнү. Кыргоолдун куйругу узун. Чабалекейдин куйругу эки ача.
- 3. Койдун куймулчак сөөгүнө туташкан семиз эттүү бөлүгү, майлуу бөлүгү. Куйругу жаргылчактай. Куйрук сугунтуу. Куйрук май.
- 4. Учуучу аппараттын (мис., самолёттун, вертолёттун) учуу ишине ылайыктап жасалган арткы бөлүгү; жалпы эле чубалжыган, бири-бирине туташкан нерсенин арткы бөлүгү. Курбусун.. узатууга үлгүрө албай, эшелондун куйругун гана көрүп кагылышканда, жүрөктөрү өрттөнүп, муундары бошоду (Сасыкбаев).
- 5. өт. Бирөөнүн артынан ээрчиген, ага кошулган пикирдеш адамдар; калдык, саркынды. Жалт-жалт карап чегине да баштады, Кулак, куйрук — элди бузган шектүүлөр (Аалы).
¨ Айры куйрук — жырткычтар тобуна кирүүчү кулаалы сыяктуу куштун бир түрү. Айры куйрук, кулаалылар кайкып учат (Байтемиров). Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө — эртеңкисинен бүгүнкүсү. Төө куйрук — жапайы чыгуучу өзөктүү куурай. Куйрук улаш — удаа, удаалаш, жанаша. Куйрук улаш бастырды. Кыл куйрук — куйругу ичке жапайы өрдөк. Куйрук боор — койдун бышкан куйругу менен боорун аралаш кесип берилген тамак.
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
куйрук