кубулжу этиш. 1. Үн, күү, ар түркүн болуп кубулуп чыгуу. Кубулжуган күү чыгып, Кубандырат көңүлдү (Бөкөнбаев). [Ырдаган] аял, эркектердин назик үндөрү кубулжуду (Жантөшев). 2. Кубулуу, өзгөрүү. Уккан жерден чоронун Кубулжуп түсү бурулду («Семетей»).