-
Камак
-
КАМАК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык, жазалоонун негизги түрлөрүнүн бири. К. камалган жакты башкалардан обочо шартта кармоо тартиби менен айырмаланат. К. 1 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө белгиленет. К. коомдук иштер менен алмаштырылып, жазаны аткаруудан баштарткан учурда, К. 1 айдан кем эмес мөөнөткө белгиленет. Кош бойлуу аялдарга, жаш балалуу аялдарга, өкүм чыгарылган учурда жашы 16га толбогон, эрезеге жетелек балдарга карата К. колдонулбайт. Аскер кызматкерлери К. мөөнөтүн гаупвахтта (аскер абагында) өтөшөт.
Найдены по другим направлениям
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
камак