-
кайна
-
этиш. 1. Жогорку температурага жеткирүү, катуу ысытуунун натыйжасында шарактап, боркулдоо. Чүйгүндөлүп салынган эт боркулдап кайнай баштады (Жантөшев). - 2. Абдан ысык болуу (күн жөнүндө). Июль айларынын кайнаган күндөрүнүн бири эле (Сасыкбаев). Күн кайнап турган кез болучу (Сыдыкбеков).
- 3. Абдан күчөө, кызуу. Согуш кайнап турган кезде Атантаев фронтко жөнөмөкчү болду (Сасыкбаев). Революциячыл иш кайнап жаткан кез (Сасыкбаев).
- 4. Абдан көп болуу. Кайнаган кошун кайкыдан Чыгып жатат чубуруп («Манас»). Кайнаган калың эл көрдүм («Эр Табылды»).
¨ Быкбырдай же кумурскадай кайноо — абдан көп болуу, эң көп болуу. Жини же кыжыры кайноо — кыжырлануу, каардануу, ачуусу келүү. Шору кайноо к. шор I.
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кайна