закымда этиш. 1. Закым жүрүү, закым болуп көрүнүү. Отуз беш-кырк километр алыстыктагы райондун борбору тиги мунарыктап, закымдап бүлбүлдөгөн болот (Таштемиров). 2. Элес-булас байкала, агыла тез жүрүү. Тизгинин жыя тартпаса, учкан куштай закымдап («Манас»).