-
жок
-
зат. 1. Бар эместик, бар болбогондук. Кызда намыс жок болсо, Ата-энесин күйдүрөт («Мендирман»). Жокко суу да жок (макал). - 2. Макул эместикти, туура эместикти ж.б. билдирүү же бир нерсени тануу иретинде колдонулат. — Барасыңбы? — Жок, бара албайм. Жок, мен буга макул эмесмин! Жок, каалабайт! Өрткө бербейт. Тынчтык туусун колунан түк түшүрбөйт (Үмөталиев).
- 3. Жоголгон нерсе. Менин жайым сурасаң, Жок качырып элимден, Суроо салып келемин («Семетей»). Таңга маал жок издеп барбай жаның жокпу (Маликов).
- 4. Жардылык, кедейлик, колунда болбогондук, муктаждык. Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок , кесет (макал). Бактысыз жокко көнөт, барга көнбөй (макал).
- 5. Кедей, колунда болбогон, жарды, кембагал. Бай барынча, жок алынча (макал). Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу (макал).
¨ Жок дегенде — эң болбогондо, эч болбогондо. Жок дегенде алыстан эле жүзүңдү дагы бир көрсөм дегенде эки көзүм төрт («Ала-Тоо»). Ага эмне жок! — «анын эмне тиешеси бар», «ал эмне кийлигишет» деген мааниде колдонулат. Жөнү жок — ыксыз, болбогон, обу жок. Алигиче кала элекпи, жарыктык, Жөнү жокко Кейий берчү пейилиң? (Турусбеков). Аты жок к. ат II.
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Found similar words in another language:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жок