Menu
Эл-Сөздүк

дат

дат (темирдин)
дат бас-

дат

дат (арыз)
дат айт -
дат деп отуруп калуу

дат

I зат. 1. Сууда же нымдуу жерде көп жатып калган металлдын үстүндө пайда болгон күрөң саргыч темгилдер, жука катмар. Мерген капшытта жатып, дат баскан капканын алып, үнсүз эшикке жөнөдү (Каимов). Миң жылы жерде жатса да, Алтын чирип дат болбос (Осмонкул).
2. Күн ачылбай, жаан-чачын өткөрө көп болуп кеткен учурда өсүмдүктөргө, эгинге түшкөн кызгылт күрөң темгил, дарт. Дат күчөсө, дан алдырбайт.
ДАТ II зат. 1. Дарт, арыз, муң, зар. О кагылайын, калың журт, бар эле датым айтайын (Жантөшев). Канышайым, сизге дат бар (Жантөшев).
Каным дат — бир канча кишинин жалгыз чүкөнү кезектешип өкчөп чүкөнүн конушуна, чик, бөк түшүшүнө карата болгон белгилүү эреже менен ойнолуучу оюн. Дат деп отуруп калуу — өкүнүчтө калуу, ойлогонуна жете албай, максаты ордунан чыкпай калуу. Ордун сыйпалап дат деп отуруп калды (Жантөшев).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: