бутакта этиш. 1. Бутак чыгуу, бутагы көбөйүү. Жаз алдында бутактаган чынардай, Жарык жайнап өскөнүңө кубандым (Бөкөнбаев). 2. өт. Көбөйүү, улануу. Сөздөн сөз чыгып, бутактай баштады (Жантөшев). Сөздөн сөз чыгып, эрегиш бутактады («Советтик Кыргызстан»).