АЯР — эпосто бардык иш колунан келген, дегеле билбегени жок сыйкырдуу касиети бар адам: «Актарга мылтык оңдогун Аярың болсо жоктогун», же «Аяр Култаң барганы айтып кабар салганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 72). А. эпос боюнча кыргыздарда да, алардын душмандарында да болгон. «Манастын» варианттарында А. деген сөз ар түрдүү мааниге ээ: коргоочу, сактоочу, сыйкыр, сыйкырчы, кандайдыр дубанын күчү менен өз каалаганын ишке ашырып алуу касиетине ээ болгон адам жана башкалар Ал «Манас» эпосуна араб-фарсы адабиятынын таасири менен кирген. А. араб тилинде митайым, шүмшүк, эр жүрөк, бекерчи, ууру, уюштургуч деген маанидеги түшүнүктөрдү билдирет. Мисалы, орто кылымдарда А-лар Рудакиде, Ирандын эски тарыхый чыгармасы «Тарих-е Систанда», «Саман аяр» деген 11-кылымдарда жазылган фарсы дастанында жана башкалар чыгармаларда чагылдырылып, чындык турмуштагы эле адамдар болгон. Алар уурулук, каракчылыкты мамлекетке кызмат өтөө менен айкалыштырышкан. Ошентип, орто кылымдардагы Орто Азия аймагында тараган чыгармалар аркылуу кыргыз жомокчулары өздөрүнүн репертуарына акырындык менен киргизип отуруп, кийинчерээк «Манас» эпосунун нукура сиңип кеткен сөзү катары айтылып калган.
И. Молдобаев
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как АЯР
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
-1Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 7 - 8? Ответ:
Отправить
Iсын. Айлакер, сыйкырчы, келечегин алдыртан ойлой билген амалкөй. Сыйкырчы кемпир бар эле, Эл азгырып бүлдүргөн Абдан аяр жан эле («Эр Төштүк»). Ашкан аяр Карагул, Алгараны алкынтып, Өзү минип бастырды («Семетей»).
АЯРIIаялII менен бирдей.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как аяр
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
14Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 5 + 9? Ответ:
Отправить