аркала этиш. 1. Аркасына, жонуна көтөрүү, жүктөө. Аз күндүк азык-түлүктөрүн аркалап атам жөнөп кетти. 2. өт. Милдет кылып алуу, жүктөө. Коммунисттер элдин жүгүн аркалап, Ар бир иште жол көрсөтүп башкарат (Осмонкул).