Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: авиаконструктор Юрисдикция государства
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - алай
     

    АЛАЙ

     
    АЛАЙ — топоним. «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарында кыргыз уруулары байыртан мекендеп келе жаткан белгилүү жерлердин бири катары: «Орозду деген агаң бар, жайлайт деп угам Алайды» (Сагымбай Орозбаков, 1. 118), «Кең-Алайды жердеген, андагы нойгут эл деген» (Саякбай Каралаев, 1. 218),— деп эскерилет. Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде, алгач ушул А. аймагында жашайт. Эпостун бир катар белгилүү окуялары А-да өтөт: Манас Шоорук менен согушуп, аны жеңип кызы Акылайга үйлөнөт, Чоң казаттын астында Манаска каршы чыкмак болгон кыргыздын уруу кандары Төштүктүн тоюна келишип кеңеш курушат, Көкөтөйдүн ашын өткөрүү жөнүндө аксакалдар кеңеш куруп, жер тандашканда белгилүү көп аймактардын ичинде А. эскерилет:
    Жайдардын уулу эр Акбай:
    Кеңдиги кыйла далай бар,
    Кара-Тегин башында
    Атактуу жайлоо Алай бар
    Суусу тунук, чөп деди,
    Арбын жери көп деди,
    Анда Мамбет кеп айтат,
    Алайың болбойт деп айтат:
    Арбын түшөр бизге топ,
    Көпчүлүк иши тарткан ок
    Сындырып жагар жыгач жок
    Отундан жутап аларбыз
    Осол болуп каларбыз (Сагымбай Орозбаков, 3. 76)...
    Алай конуп аш берсек
    Милдет кылып келген жан,
    Тойгузгун деп чалкалаар,
    Кызматчынын баарысы
    Тезек терип аркалаар,
    Алай — артык отун жок
    Анысы болор чоң мүшкүл (Саякбай Каралаев, 2. 10).

    Ошентип, негизги варианттарда А. жайлоосунда токой жок экендиги туура берилген. Географиялык реалияда азыркы Кыргызстандын түштүгүндөгү бийик тоолуу өрөөн жана жайлоо.
    Э. Абдылдаев

    алай-

     
    алай-, алаюу, алаят

    алай

     
    алай: алай-дүлөй

    алай

     
    I: алай-дүлөй — уйгу-туйгу, көз ачырбаган бороон. Алай-дүлөй борошо болуп, күн көз ачырбай жаап турат (Абдукаримов).
    АЛАЙ II этиш. 1. Көзү чанагынан чыгуу, бакыраюу, бакырайып чоң болуп көрүнүү. Эки көзү алайып, коркуп кеткен шофёр шашкалактап, өтө чукул тормоз берди (Касымбеков).
    1. 2.                  Акырайып, жаман көз менен кароо. Супахан Зуннахунга алая карады (Жантөшев).

    Найти все переводы слова "алай" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

    Хотите добавить свой перевод для слово: "алай"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru