адыраңда этиш. 1. Бирөөгө баатырсынып, кыйынсынып чоң сүйлөө, мыктысынып, жулунган көрүнүштө болуу, кыр көрсөтүү. Ашка жарчы болдум деп, Адыраңдап ырдадың (Токтогул). 2. Көңүлү көтөрүңкү, тартынбаган көрүнүштө болуу. Адыраңдап чаап жүрөт.